Редакцияот 01.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 1-июлу № 57

Алты-Адыр калктуу конушунун электрлештирүү схемесынын генпланын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр калктуу конушунун электрлештирүү схемесынын генпланын бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр калктуу конушунун электрлештирүү схемесынын генпланы бекитилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Ж.Шадиманова