Редакцияот 01.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 1-июлу № 58

Маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө айыл өкмөттүк салым бөлүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айылындагы айылдык маданият үйүн капиталдык ремонтон өткөрүү проектисине айыл өкмөттүк салым катары Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен 2215 статьясына 907,9 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Ж.Шадиманова