Редакцияот 01.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 1-июлу № 60

Кара-Бак айыл аймагынын жайыт комитетинин жылдык планын жана тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айыл аймагынын жайыт комитетинин арызынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл аймагынын жайыт комитетинин жылдык планы жана тарифин бекитилсин(1 барак тиркеме).

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселеси боюнча комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы:

 

Ж.Шадиманова

 

Тиркеме

 

Баткен обл, Баткен району,Кара-Бак айыл аймагынын Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин жайыт акылары төмөнкүдөй баалар менен эсептелет.

 

№

Аталышы

  ШМБ

Сумасы

1

Кой-Эчки

Бир башка

30

2

Уй,Топоз,Жылкы

Бир башка

150

Козу,Улак,Торпокторго жайыт акы алынбайт.

Кара-Бак айыл аймагына бөлөк айылдардан келген малдарга.

№

Аталышы

ШМБ

Суммасы

1

Кой-Эчки

Бир башка

60

2

Уй Топоз,Жылкы

Бир башка

300

Мал жаюдан башка максатка пайдалану үчүн.

 

Аталышы

0,01га

Сумасы

1

515-токтом менен түзүлгөн келишим.

0,01га

5,50т