АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 4-февралы № 10
Дем беруучу грант эсебинен каржылануучу долбоорлорго айыл өкмөтүнүн салымын кошуу жөнүндө
Чек-ара аймагында жайгашкан элдердин турмуш шартын ондоо жана жаш муундардын билим алуусуна ынгайлуу шарттарды тузуу максатында “Өрнөк” орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылчылыгы келип чыгууда.Ушул маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айылындагы “Өрнөк” орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн түзүлгөн 3 871 689 (үч миллион сегиз жүз жетимиш бир миң алты жүз сексен тогуз) сомдук долбоор бекитилсин.
2. Сметада корсотулгон сумманын 77,49% 3 000 000 (үч миллион) сому Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинен суралсын,ал эми 22,51% 871 689 (сегиз жүз жетимиш бир миң алты жүз сексен тогуз) сому Алга айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинен ажыратып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлддөө айылдык кеңештин финансы-эконмика жана бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Р .Арынов |