АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 4-февралы № 14
Алга айыл өкмөтүнүң мобилизациялык даярдык жана “Коопсуздук-2023” биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууга даярдык көрүүгө чыгымдар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө”Мыйзамынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 Мыйзамына ылайык (КР 2008-жылдын 13-октябрындагы № 209, 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 42, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 Мыйзамдарына ылайык Алга айыл өкмөтүнүн мобилизациялык даярдык жана “Коопсуздук-2023” биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууга даярдык көрүүгө чыгымдар жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө” 1998-жылдын 30-сентябрынлагы № 2125 Мыйзамынын 14- беренесинин 3-бөлүгүнө негиз аймактык коопсуздукту сактоо боюнча Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты ажыратылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Ж.Дыканов) т апшырылсын.
.3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым: | Р .Арынова |