АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 4-февралы № 18
Алга айыл аймагындагы АРИС мектебинин жаңы имаратын долбооруна айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым кошуу жөнүндө
Алга айыл аймагынын АРИС мектебинин жаңы имаратын долбооруна айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым кошуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл аймагынын АРИС мектебинин жаңы имаратын долбооруна айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 000(эки жүз миң) сом ажыратылып, өздүк салым катары белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө(Ж.Дыканов) тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга (А.Абдужалилов) жүктөлсүн.
Төрайым: | Р .Арынова |