Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVII сессиясы

2023-жылдын 7-февралы № 3

Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 132770,6 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 149087,6 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.

2.     2022-жылда аткарылбай калган милдеттенмелер 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чегинде каржылансын.

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Сарай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Салимов