Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVII сессиясы

2023-жылдын 7-февралы № 7

Сарай айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо” мыйзамынын 19-беренесинин 6-пунктунун талаптарына ылайык Сарай айыл аймагында иш жүргүзүү максатында Сарай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Сарай айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча курамы 11 адамдан турган жергиликтүү комитет түзүлсүн (комитеттин курамы тиркелет).

 

2.     Сарай айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитеттин Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет).

 

3.     Түзүлгөн үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитеттин иши бекитилген Жобонун негизинде жүргүзүлсүн.

 

4.     Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитеттин 2023-жылга “Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча иш-чаралардын планы” иштелип чыгарылсын.

 

5.     Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Сарай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Салимов

 

Сарай айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча комиссиясынын курамы

(токтомго тиркеме):

Төрага: Сарай айыл өкмөтүнүн орун басары У.Мадымаров

Катчы: Сарай айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Сарыбаева Г.

Мүчөлөрү:

1.  Аксакалдар соту – Рустамов А.

2.  Дин кызматкери – Урманова Г.

3.  Айылдык кеңештин депутаты – Исирова З.

4.  Аялдар кеңешинин төрайымы – Эшматова К.

5.  Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын соц.адиси – А.Кожоева

6.  БИИ кызматкери – Сапаров Э.

7.  ҮДТ башкы дарыгери – Тажиматова К.

8.  Билим берүү тармагынан мектеп директору – Орозбаева Т.

9.  Коңурат айыл башчысы – Абдибаитов М.

 

Сарай айыл

өкмөтүнүн башчысы :

 

А.Джунусов

 

тиркеме

 

Сарай айылдык аймагы

Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет жөнүндө

ЖОБО

Жалпы жоболор

1.1  Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети (мындан ары ҮБЗТК деп аталат) Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо” мыйзамынын 19-беренесинин 6-пунктунун талаптарына ылайык зомбулукту, аялдар жана кыздарга карата зомбулукту токтотууга салым кошуу максатында курамы мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынан, жарандык, коомдук, дин кызматкерлеринин өкүлдөрүнөн жана  жергиликтүү жамааттардын башка мүчөлүрүнөн турган ведомстволор аралык координациялоо жана өз ара аракеттенишүү үчүн коомдук байланыштарга түзүлгөн дайыма иштей турган орган.

1.2  Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн жергиликтүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, өкмөттүк эмес коомдук уюмдар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта ишке ашырат.

1.3  Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Коституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдоруна жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын буйруктарына жана ушул Жобого ылайык ишке ашырат.

 

Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин максаттары

     Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн маселелерин аткаруу үчүн кийинки функцияларды ишке ашырат:

-  Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин иш мыйзамдарын үй-бүлөлүк баалуулуктарын сактоо, үй-бүлө институтун бекемдөө  жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту токтотуу маселелерин камтуу менен иштеп чыгышат жана Сарай айылдык Кеңешинин сессиясына бекитүүгө алып чыгат.

-  Үй-бүлөлүк зомбулуктун анализин жүргүзүп, Сарай айылдык Кеңешинин сессиясына жана Сарай айыл өкмөтүнүн талкуусуна алып чыгат.

-  Социалдык коргоо мекемелери жана өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте кыйын жашоо абалында калган жарандарды, балдар үйлөрүн жана карылар үйлөрүн колдоо боюнча иш жургузуп турат.

 

Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин милдеттери

-  Жарандардын кайрылуулары менен иштөө, зомбулуктун курмандыктарына максатка ылайык психологиялык жана юридкалык колдоо көрсөтүү;

-  калк арасында адам укугунун сакталышы жана зомбулукту токтотуу боюнча алдын алуу боюнча иш чараларды жүргүзүү;

-  ар бир кварталда бир жолудан кем эмес ҮБЗТКнин мүчөлөрү укук бузууну алдын алуу боюнча иш чараларды жүргүзүү;

-  зарыл болгон учурда прокуратура жана ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары кабарланат.