Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVIII сессиясы

2023-жылдын 16-марты № 4

Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жерлерди которуу (транформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун, Кара-Суу районунун мамлекеттик адмнистрациясынын 2023-жылдын 15-мартындагы корутундусун жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Джунусовдун сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылындагы №85 контурунда жайгашкан 3,23 га жер аянты айылдык мазар үчүн бөлүнүп берилсин.

 

2.     Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Сарай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Салимов