Редакцияот 04.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги он үчүнчү сессиясы

2023-жылдын 4-февралы № 23

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги он үчүнчү сессиясынында айтылган сунуштартар жөнүндө

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги он үчүнү сессиясынында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алга № 1 айылына Алга айылынын тургуну Ооганов Моллобайдын жана Бостонов Максаттын үйүнүн алдына жана Адыр айылына трасформатор коюулуп, керектүү инвентарлар менен камсыз кылынсын.

2. Чукур-Кыштак айылынын оттуз гектар участкасындагы транформатор ондолуп берилсин.

3. Алга № 1 айылынын Уч мааласиндагы столбалар оңдолуп тартипке келтирилсин.

4. Айылдык кеңештин кабинетине 1( бир) сейф, жана 3(үч) стол менен камсыз кылынсын.

5. Алга айылдык кеңешинин төрайымын эмгек акысы үзгүлтүксүз төлөнүп берилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Ж.Дыканов) милдеттендирилсин.

7. Алга айылдык кеңешинин депутаттарын арыз жазып кеткен депутаттардын санын тактоо жана кийинки кезекте турган депутаттардын Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы менен иштөө, тактоо жагы жооптуу катчы Г.Батыровага тапшырылсын.

8. Токтомдун аткарылышын өзүмө калтырам.

 

Төрайым:

Р .Арынова