Редакцияот 18.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезектеги он төртүнчү сессиясы

2023-жылдын 18-марты № 27

Алга айыл өкмөтү боюнча айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыктарынын зоналдык коэфициентин бекитүү жөнүндө

Алга айыл өкмөтү боюнча айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыктарынын зоналдык коэфициентин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339- беренесинин 4- пунктуна негиз Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү зоналык коэффициент 2016-жылда белгиленген 1,2 өлчөмүндө калтырылсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339- беренесинин 4- пунктуна негиз Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү зоналык коэффициент азыркы учурда эч кандай имарат курулбастан пайдаланып келе жаткан жерлерге 2019-жылда белгиленген 0,3 өлчөмүндө калтырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Ж.Досанов) тапшырылсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга (А.Абдужалилов) тапшырылсын.

 

Төрайым:

Р .Арынова