Редакцияот 18.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезектеги он төртүнчү сессиясы

2023-жылдын 18-марты № 32

Ош-Раззаков жолунун боюндагы Алга айыл өкмөтүнүн аты жазылган көрнөктөрдү оңдоо жөнүндө

Ош-Раззаков автожолунун боюндагы Алга айыл аймагына кире беришиндеги Алга айыл өкмөтүнүн аты жазылган көрнөктөрдү оңдоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош-Раззаков жолунун боюндагы Алга айыл өкмөтүнүн аты жазылган көрнөктөр жаңыланып жазылып, илинсин.

 

2. Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Ж.Дыканов) тапшырылсын.

 

3. Спорт, маданият ,этика жана жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдоштук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссияга (У.Нурбаева) жүктөлсүн.

 

Төрайым:

Р .Арынова