АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 18-марты № 33
Жарандарга ар кандай маалым каттарды берүүдө базалык маалыматтарды тактоо жөнүндө
Алга айыл өкмөтүнүн берилүүчү ар кандай типтеги маалым каттарды берүүдө базалык маалыматтарды тактоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл өкмөтүнөн жарандарга берилүүчү ар кандай типтеги маалым каттар үзгүлтүксүз берилсин.
2. Алга айыл өкмөтүнүн базалык маалыматына жарандардын каттоого тиешелүү болгон бүт мүлктөрү (учету, жер, автоунаа, мал жандыктары) толугу менен киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Х.Досанов) тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент жана мандат, социалдык маселелер, жарандардын укугун, кызыкчылыктарын жана мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссияга (С.Полотов) тапшырылсын.
Төрайым: | Р .Арынова |