Редакцияот 18.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезектеги он алтынчы сессиясы

2023-жылдын 18-майы № 40

Алга № 2 айылынын Пүльгөн-Бүргөндү жолунун боюнан өнөр жай багытына өздөштүрүүгө 60,0(алтымыш ) га жер аянтын ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Алга № 2 айылынын Пүльгөн-Бүргөндү жолунун боюнан өнөр жай багытына өздөштүрүүгө 60,0(алтымыш ) га жер аянтын ажыратууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап,Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алга № 2 айылынын Пүлгөн-Бүргөндү жолунун боюунун түштүк жагынан өнөр жай багытына 60,0( алтымыш) га жерди өздөштүрүүгө макулдук берилсин.

 

2. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Алга айыл өкмөтүнө(Ж.Досанов) тапшырылсын.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге жайгаштыруу,муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транпорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссияга (Т.Абдиллаев) тапшырылсын.

 

Төрайым:

Р .Арынова