Редакцияот 18.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезектеги он алтынчы сессиясы

2023-жылдын 18-майы № 44

Алга айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги жөнүндө

Алга айыл аймагындагы элдин саны 10 000 (он миң) ден ашкандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине кошумча штатты бекитүү жөнундөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алга айыл аймагындагы элдин саны 2023-жылдын 1-январына карата 100059( он миң элүү тогуз) адамды түзгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын жергилктүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын Типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндөгү 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомуна негиз Алга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл үчүн бекитилген штаттык курамына айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жана жетектөөчү адис, жалпы 2 штаттык бирдик кошууга макулдук берилсин.

2. Жаңыдан кошулган штаттык бирдиктердин эмгек акысын төлөө жагы Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгүндө 01.01.2023-жылга карата калган калдык эсебинен жургүзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Х.Досанов) тапшырылсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктурүү боюнча туруктуу комиссияга (А.Абдужалилов) тапшырылсын.

 

Төрайым:

Р .Арынова