Редакцияот 22.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезексиз он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 22-майы № 48

Алга айылына Таза-Суу долбооруна 4(төрт) сквожинаны пайдаланууга акча бөлүнгөндүгүнө байланыштуу Таза-Суу ишканасынын жеткчиси О.Жумагуловдун 2022-жыл ичинде аткарган иштеринин абалы жөнүндө

Алга айылына Таза-Суу долбооруна 4(төрт) сквожинаны пайдаланууга акча бөлүнгөндүгүнө байланыштуу Таза-Суу ишканасынын жеткчиси О.Жумагуловдун 2022-жыл ичинде аткарган иштеринин абалы жөнүндөгү маселени угуп, талкуулап чыгып Алга айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бүгүнкү күндө ичимдик Таза- Суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу Таза Суу ишканасынын жетекчиси О.Жумагуловдун жашы өтүп калгандыгын эске алып, жалпы элдин суранычы менен Алга айылдык кенешинин чечимин негизинде кызматтан бошотулсун.

2. Таза-Суу ишканасына, кызыккан, иштей турган адамды таап жумушка алуу жагы жана элди Таза-суу менен камсыз кылууда иш- аракеттерди жүргүзүү жагы Алга айыл өкмөтүнө (Х.Досанов) тапшырылсын.

3. Жаңы жумушка алынган кишиге үйүнө крантты киргизип алган кожолуктарга счетчик койдуруу жагы , макул болбогондорго крантты сыртка жолдун четине чыгаруу жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент жана мандат, социалдык маселелер, жарандардын укугун кызыкчылыктарын жана мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссияга (С.Полотов) тапшырылсын.

 

Төрайым:

Р .Арынова.