Редакцияот 23.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 23-майы № 16

Айыл чарба жерлеринин бир түрүнөн башка түрүнө которуу(трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ,Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169 токтомун жетекчиликке алып, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистеринин сунушун “Жер жана турак-жай” боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун талкууланып Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасындагы Мамлекеттик менчикте турган №86 контурундагы 15,84 га, №70 контурундагы 79,62га,№176 контурундагы 21,10га, №66 контурундагы 35,14га,№68 контурундагы 1,47га, №53 контурундагы 20,95га жана 13га ошондой эле 8,40га баардыгы болуп 187,12га жайыт жерин мөмөлүү жемиш бак- дарак ээлеген аянт түзүү үчүн “ Айыл чарба жерлери” категориясынын жайыт түрүнөн мөмөлү бак- дарак түрүнө которууга маакулдук берилсин.

 

2. 1-пункутта көрсөтүлгөн жерлердин иш кагаздарын даярдоону жана ишке ашырууну Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.

 

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

К. Т .Кушбаков