Редакцияот 22.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезексиз он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 22-майы № 51

Алга айыл өкмөтүнүн Алга айылындагы “Бостон” көчөсүнүн 500 метр аралыгына асфальт төшөо боюнча демилгелүү топ түзүү жөнүндө

Айылдын инфраструктурасын көтөрүү, айыл ичиндеги жолдорду иретке келтирүү максатында Алга айыл өкмөтүнүн Алга айылындагы “Бостон” көчөсүнүн 500 метр аралыгына асфальт төшөо боюнча демилгелүү топ түзүү жөнүндөгү маселекни угуп жана талкуулап, Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алга айыл өкмөтүнүн Алга айылындагы “Бостон” көчөсүнүн 500 метр аралыгына асфальт төшөө боюнча төмөнкү курамда демилгелүү топ түзүлсүн.

1. Бөрүбаев А- Алга айыл өкмөтүнүн башкы адиси

2. Абдиллаев Т – Алга айылдык кеңешинин депутаты ( макулдугу менен)

3. Аманов Э- Алга айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси

4. Салиев И- Алга айылдык кеңешинин депутат ( макулдугу менен)

5. Ташмурза у Б-Алга айылынын тургуну

6. Туйгунов С-Алга № 2 айылынын айыл башчысы

7. Шадиев А-Алга № 1 айылынын айыл башчысы

8. Салибаев Т- Кадамжай райондук мамкаттоо башкармасынын адиси

9. Ибрагим у А- Кадамжай райондук курулуш жана архитектура башкармасынын адиси

2. Жолдун боюнча чыгып кеткен жарандарга эскертүү берип, дубалдарын, дарактарын кестирип жолдун боюун тартипке келтирүү жагы демилгелүү топко жүктөлсүн.

3.. Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Х.Досанов) жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү архитектура-курулуш, транспорт жана экологи, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссияга (Т.Абдиллаев) тапшырылсын.

 

Төрайым:

Р .Арынова