Редакцияот 28.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезектеги он сегизинчи сессиясы

2023-жылдын 28-майы № 52

“Генерал групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун “Чыгыш Шуран участогунан 99,4 га жер аянтына токтом чыгарып берүү жөнүндө

“Генерал групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун биринчи этап боюнча иштери аткарылып, бүткөндүгүнө байланыштуу “Чыгыш Шуран участогунан 99,4 га жер аянтына токтом чыгарып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап,Алга айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Алга айыл өкмөтүнүн Шыбран айылынын түндүк тарабында жайгашкан !Чыгыш Шуран” көмүр кенин КР экономика жана онөр жай Министрлигинин 2023-жылдын 2-майындагы № 7331 CE лицензиясына ылайык “Генерал групп” жоопкерчилиги чектелген коому 99,4 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.

 

2. Иш кагаздарын даярдоо жана “Генерал групп” жоопкерчилиги чектелген коому менен келишимдерди түзүү жана аткаруу жагы Алга айыл өкмөтүнө (Х.Досанов) тапшырылсын.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү архитектура-курулуш, транспорт жана экологи, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссияга (Т.Абдиллаев) тапшырылсын.

 

Төрайым

Р .Арынова