Редакцияот 28.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышын кезектеги он сегизинчи сессиясы

2023-жылдын 28-майы № 53

Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз курулган турак жайлардын жана турак жай салуу үчүн берилүүчү жер аянттары жөнүндө

Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз курулган турак жайлардын жана турак жай салуу үчүн берилүүчү жер аянттары жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы үлүш, сугат айдоо жана айыл чарба багытындагы өздөштүрүү жерлерге салынган турак жайларга 0,06 га жер аянтына мыйзамдаштырууга уруксат берилсин.

 

2. Айыл аймагынын таштуу жайыт жерлерине салынган турак жайларга 0,12 га жер аянтын мыйзамдаштырууга уруксат берилсин.

 

3. Алга айыл өкмөтүнүн тургундарына турак жай салуу үчүн 0,12 га жер аянты берилүүсүнө макулдук берилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Х.Досанов) жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү архитектура-курулуш, транспорт жана экологи, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссияга (Т.Абдиллаев) тапшырылсын.

 

Төрайым

Р .Арынова