КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV-сессиясы
2023-жылдын 24-июлу № 42
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн пайдалануусунда турган жер тилкелерин инвентаризация жасоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 115 токтомун, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 254 буйругунун, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 22.05.2023- жылдагы № 118-б буйругун ” негизинде Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV - сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн пайдалануусунда турган жер тилкелерин инвентаризация жасоо үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 100 000 (бир жуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Каражат бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Н. Мамаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы И. Арзиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Энназаров. |