Редакцияот 24.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV-сессиясы

2023-жылдын 24-июлу № 43

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн пайдалануусунда турган турак жай куруу үчүн бериле турган жер тилкелеринин өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV - сессиясы токтом кылат:

 

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн пайдалануусунда турган, турак жай куруу үчүн бериле турган жер тилкелеринин өлчөмү “Кугарт айылдык кеңешинин элдик депутаттарынын 14.05.1982-жылдагы № 28 чечиминде көрсөтүлгөн турак жай куруу үчүн 0,15га жер аянтын бөлүп берүүнүн өлчөмү жөнүндөгү чечими”     күчүндө калтырылсын.

 

 

2.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн   http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А.А.Энназаров.