ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
2023-жылдын 28-июлу № 39
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылынын тургуну Т.Б.Бактачиевдин 0,15га жер участогуна мечит куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Т.Б.Бактачиевдин өзүнө тиешелүү 0,15га жер участогуна мечит алыс болгондуктан, жаңы конушка мечит салууга макулдук берүү жөнүндөгү арызынын негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат :
1. Жаңы-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Т.Бактачиевдин Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы өзүнө тиешелүү 0,15га жер аянтына жаңы конушка жаңы мечит курууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.Өзүбеков |