Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин XIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

2023-жылдын 28-июлу № 41

Куйбышев айылынын тургуну Омуркулов Камбаралыга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Омуркулов Камбаралыга Жаңы-Жол айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Жаңы-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2. Ардактуу атуул наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Т.Өзүбеков