Редакцияот 17.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ - сессиясы

2023-жылдын 17-апрели № 1

Чаткал айыл өкмөтунө караштуу Курулуш айылында жайгашкан С.Мырзалиев орто мектебинин аянтына курулуучу жаңы мектептин долбооруна ылайык , имарат курулуучу аянтка кирип калган эски имараттарды бузуу” жөнүндө

Чаткал айыл өкмөтүнүн Курулуш айылында жайгашкан С.Мырзалиев орто мектебинин аймагына 225окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулуш иштери башталар алдында тугандыгын жана аталган мектептин долбоору боюнча жаңы имарат курулуучу аянтка эски мектептин №2 окуу корпусу, мектептин ажаатканасы жана жанаша жайгашкан айылдык китепкананын эски имаратын бузуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIХ-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Чаткал айыл өкмөтүн сунушу эске алынсын.

2.  Курулуш айылында жайгашкан С.Мырзалиев орто мектебинин №2 окуу корпусун, аталган мектептин ажаатканасын жана Курулуш айылдык китепкананын эски имаратын бузууга макулдук берилсин.

3.  Чаткал айыл өкмөтүнун башчысы Ө. Токтогуловго;

     - Имараттарды бузуу боюнча тиешелуу адистерден турган атайын комиссия түзүп иш алып баруу.

     -Жогоруда белгиленген имараттарды бузууда коопсуздук эрежелерин сактоо менен бардык мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы жүктөлсүн.

4.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чаткал айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.

6.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оморовго милдеттендирилсин.

 

Чаткал айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Козубаев .