Редакцияот 17.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ - сессиясы

2023-жылдын 17-апрели № 5

Ар кандай маселелерди кароо жөнүндө

Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIХ – сессиясынын кароосуна келип түшкөн ар кандай мазмундагы арыз, кайрылуу, сунуштарды карап, талкуулап чыгып Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIХ-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Алтынбек уулунун сунушу жана Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Базар айылында жайгашкан “Бийсинай” кооперативинин кайрылуусу эске алынсын.

2. Чаткал айыл өкмөтүнүн бюджетинин үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен “Чаткал тазалык таза-суу” МИнын башкаруусундагы жүк жуктөгүч техникасына 4даана дөнгөлөк алууга 450,0миң сом, ушул эле техниканын дөнгөлөктөрүнө 4дана чынжыр алууга 200,0миң. сом.

3. Курулуш айылындагы фельдишердик акушердик пунктунун имаратынын ички бөлүгүн ондоп түздөө жумуштарына 30,0миң сом.

4. Жаңы-Базар айылынын тургуну турмуш шарты оор Жороева Мадинанын уй бүлөсүнө, айыл өкмөтү тарабынан сатып алынган турак жайдын калган 50,0миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.

5. КР ЖӨБ Союзунун колдоосу менен эл аралык “Хеветас” Ассоциациясынын КРдагы “ Сервис Интеркооперейшин” филиалы тарабынан “Коомдук бюджеттик угуулар” жана “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жагорулатуу” программасынын алкагында келип түшкөн 18,0миң сом өлчөмүндөгү каражат жергиликтүү бюджетке кириштелип 5,0миң сому транспорт чыгымдарына, 13,0 миң сому концелярдык товар алууга жумшалсын

6. Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынан Жаны-Базар айылында жайгашкан “Бийсинай” кооперативинин “Жүндү кайра иштетүү” добооруна керектүү жабдыктарды алууга 500,0миң сом акча каражатын Чаткал районунун аймагында кен казган ишканалар менен түзүлүүчү меморандумдардын эсебинен чечүүгө көмөктөшүү жагы суралсын.

7. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Токтогуловго жана ФЭБнун башчысы Б. Алтынбек уулуна жүктөлсүн.

8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий www:Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

9.     Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чаткал айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин

10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык кеңешинин “Бюджет, эконмика муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча

       туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге милдеттендирилсин.

 

Чаткал айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Козубаев.