ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII - сессиясы
2023-жылдын 8-февралы № 4
“Чаткал тазалак жана таза суу ” МИнын 2022-жылга бекитилген бюджетинин аткарылы тууралуу отчетун угуу жана 2023-жылга бюджетин кароо жөнүндө
“Чаткал тазалык жана таза-суу” МИнын 2022-жылга бекитилнен бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетун угуп, 2023-жылга сунушталган бюджетинин долбоорун, Чаткал айылдык Кеңештинин депутаттарынын сунуштарын, “Бюджет,экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасын эске алуу менен карап, талкуулап Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII- сессиясы
Токтом кылат:
1. “Чаткал тазалык жана таза суу” МИнын 2022-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы тууралуу отчету айрым бир кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. “Чаткал тазалык жана таза суу” МИнын 2023-жылга бюджетин бекитүүдө, аталган ишкананын сунушу жана “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасы эске алынсын.
- Бюджеттин киреше бөлүгү 1437,0миң сомго, мындан таза сууга акы төлөөдөн түшчү каражат 517,0миң сом, таштандыларды ташып чыгаруудан түшүүчү каражат 300,0миң сом, техникалык кызмат көрсүөтүүдөн түшүүчү каражат 120,0миң сом, Чаткал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен каралуучу субсидия 500,0миң.сом болуп бекитилсин.
-Бюджеттин чыгаша бөлүгү 1437,0миң сом, мындан эмгек акыга 918,12миң сом, социалдык фондго чегерүүлөр 135,6 миң сом, сапар чыгымы 15,0миң сом, концелядык товарларга 5,0миң сом, чарбалык буюмдарга 40,0миң сом, күйүүчү майлоочу майга 100,0миң сом, техникалар учун тетиктерди алууга 117,0миң сом, ар кандай чыгымдарга 106,0 миң сом болуп бекитилсин.
3. Бекитилген бюджети аткарылышын жана максаттуу пайдаланылышын камсыздоо жагы “Чаткал тазалык жана таза суу” МИ жетексичи И.Барпиеге жүкөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялап, Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Козубаев. |