КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 9-июну № 1
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарынын орду жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлунун № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын” 28-беренесин жетекчиликке алып, төрагынын орун басарынын ордун кароо максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезекcиз XXVI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын I-сессиясында шайланган төраганын орун басары Жанышалиев Мирбек өзүнүн арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотуу жагы жактырылсын.
2. Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы Айдаров Куванычбек Мамышовичтин сунушу жана көпчүлүктүн колдоосу менен Усенбаев Эмилбек төраганын орун басары болуп бекитилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Айдаров |