Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 9-июну № 2

2023-жылдын 06-апрелиндеги Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезекcиз XXIV-сессиясынын № 1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак жай, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезекcиз XXVI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардын мыйзамсыз ээлеп алган турак жай жер тилкелери 0,12 сотыхтан ашпоосу жана калган ээлеп турган жер тилкелерин түз сатып алуу жолу менен мыйзамдаштыруу жагы жактырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровко жана жер адиске милдеттендирилсин.

 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Айдаров