Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 9-июну № 5

Коткор айылынын тургуну Алимов Мурат Калбаевичтин арызы жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Коткор айылынын тургуну Алимов Мурат Калбаевичтин жубайы Усенбаева Базаргүл Махмутовна Рак оорусу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу жардам көрсөтүү максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Коткор айылынын тургуну Алимов Мурат Калбаевичтин арызын канааттандыруу максатында 30 000 (отуз миң) сом акча каражатын берүү жагы жактырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана социалдык бөлүмүнүн башчысы Э.Абдулакимовко милдеттендирилсин.

 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Айдаров