Редакцияот 25.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-январы № 64

Талас облусунун Талас районунун Кум-Арык айылында жайгашкан “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы жөнүндө

Бердике баатыр айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы КР МК караштуу жарандык авигация мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 19-сентябрындагы №13/1105 сандуу катын аткаруу максатында Бердике баатыр айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Талас облусунун Талас районунун Кум-Арык айылында жайгашкан “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын Талас бөлүмүнүн №007382 жер участогу 5950,0 кв.м. жери менен Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулбуз.

 

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Тажыкановго жүктөлсүн.

 

Төрага

Азизбек уулу Улукмырза