КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 9-июну № 6
Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 17.05.2023-жылдагы № 01-17/597 сандуу номериндеги Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору менен кызматтарды жакшыртуу максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагынын айылдарынын көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү ЖОБОсун бекитүү жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Айдаров |