Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 9-июну № 7

Кара-Жыгач айылындагы К.Салбанов атындагы негизги жалпы билим берүүчү мектебинин ички жылытуу системасын (батарея) жаңылоо жөнүндө

Кеңеш айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылындагы К.Салбанов атындагы негизги билим берүүчү мектебинин ички жылытуу системасын (батарея) жаңылоо максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XХVI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1.  Кара-Жыгач айылындагы К.Салбанов атындагы негизги билим берүүчү мектебинин ички жылытуу системасын (батарея) жаңылоо үчүн Базар-Коргон Өнүктүрүү фонду тарабынан өздүк салым эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты кароо жагы жактырылсын.

 

2.  Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко милдеттендирилсин.

 

3.  Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5.  Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Айдаров