КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 9-июну № 9
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы № 17-мартындагы № 146 токтомуна ылайык, чек ара заставасынын жоокерлеринин жашоо-шартын жакшыртуу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 09.06.2023-жылдагы № 01-17/76 сандуу номериндеги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдагы № 17-мартындагы № 146 токтомуна ылайык, чек ара заставасынын жоокерлеринин жашоо-шартын жакшыртуу максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XХVI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын “Сейдикум” чек ара заставасынын жоокерлерине мончо курууга 30000 (отуз миң) сом акча каражатын кароо жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана КЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Айдаров |