Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-июну №01-3/6

“АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)»-КК АИД-3 долбоорундагы “Көк-Сай айылына таш терүүчү машина, мөмө-жемиштерди кургатуучу жабдууларды жана мал союуучу жай куруу менен керектүү жабдууларды сатып алуу”" ири долбоорлор жөнүндө

КК АИД-3түн алкагында Көк-Сай айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана Көк-Сай айылына таш терүүчү машина, мөмө-жемиштерди кургатуучу жабдууларды жана мал союуучу жай куруу менен керектүү жабдууларды сатып алуу”" ири долбоорлор боюнча Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Чомотоев Канат Керимкуловичтин жана Көк-Сай айылдык аймагынын АКИА АКнын төрагасы Жекшеналы уулу Чубактын маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Көк-Сай айылдык аймактык кеңештин сессиясы

токтом кылат.

 

1.   Көк-Сай айылына таш терүүчү машина, мөмө-жемиштерди кургатуучу жабдууларды жана мал союуучу жай куруу менен керектүү жабдууларды сатып алуу”" ири долбоорлор жалпы бюджети 5655 000 (беш миллион алты жүз элүү беш мин) сом, а.и. АРИСтин гранты 5655 000сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.  “Көк-Сай айылына таш терүүчү машина, мөмө-жемиштерди кургатуучу жабдууларды жана мал союуучу жай куруу менен керектүү жабдууларды сатып алуу”" ири долбоорлору Көк-Сай айылдык аймагынын 2023-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин;

3.   Ири долбоорлордо көрсөтүлгөн объектти техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен каралган чыгымдары бекитилсин;

4.   Айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чомотоев ири долбоорлордун жана тиешелүү иш-кагаздардын АРИСке өз убагында берүүсүн камсыз кылсын;

5.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына жана Көк-Сай АК бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Салыбеков