Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 15 сессиясы

2023-жылдын 5-июну №01-3/8

Күбөлүк, көктөмөлөрдү кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө

Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 15 сессиясынын протоколунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө” №82 сандуу Мыйзамын жетекчиликке алып Көк-Сай айылдык аймактык кенеши токтом кылат.

 

1.  Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык аймагынын “Көк-Сай айыл өкмөтү” мекемесинин фирмалык аталышы Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылдык аймагынын “Көк-Сай айыл өкмөтү” мекемеси (мындан ары-мекеме) болуп өзгөртүлсүн.

2.   Мекеменин фирмалык толук аталышы:

     -мамлекеттик тилде: Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылдык аймагынын “Көк-Сай айыл өкмөтү” мекемеси.

     -расмий тилде: Учреждение “Кок-Сайский айыл окмоту” Кок-Сайского айыльного аймака Айтматовского района Таласской области.

3.  Мекеменин юридикалык дареги өзгөртүлүп, Талас облусу, Айтматов району, Көк-Сай айылы, К.Нукеев көчөсү №20 болуп аныкталсын.

4.  Мекеме мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана кайра каттоодон өткөрүү мекеменин жооптуу катчысы Жекшеналы уулу Чубакка жүктөлсүн.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Т.Салыбеков.