АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 21-сессиясы
2023-жылдын 10-августу № 89
Александровка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-майындагы №9 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, айылдык кеңештин айыл чарба, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 06-июнундагы проколуна ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Александровка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-майындагы №9 “Айыл чарба, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясын шайлоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүчө өзгөртүү киргизилсин:
- Экинчи пункту боюнча: “шайлансын” сөзү “бекитилсин” сөзүнө алмаштырылсын, “Ясыров Арсмане Сулейманович” сөздөрү “Муваза Сульмане Хусеевич” сөздөрүнө алмаштырылсын.
Төрайым | Давузова М.Ю. |