АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 21-сессиясы
2023-жылдын 10-августу № 87
Александровка айыл аймагындагы жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча башкы адиси Д.Ю.Хиязовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Александровка айыл өкмөтүнө макулдук берилсин:
- Александровка айыл аймагынын Крупское айылындагы Мичурина көчөсү №1”а” дарегинде жайгашкан жеке менчиктеги жалпы аянты 600,0 кв.метр жер тилкесинин багытын короо жай багытынан коомдук коммерциялык курулуш багытына которууга (тигүү цех);
- Александровка айыл аймагынын Крупское айылындагы Мичурина көчөсү №1”б” дарегинде жайгашкан жеке менчигинтеги жер тилкесинин багытын короо жай багытынан коомдук коммерциялык курулуш багытына которууга спорттук курулма, кичи футбол талаасы;
2. Александровка айыл өкмөтү ушул жер тилкесинин багытын которуу боюнча керектүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындасын.
3. Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |