Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 21-сессиясы

2023-жылдын 10-августу № 86

Александровка айыл аймагындагы жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Александровка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча башкы адиси Д.Ю.Хиязовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык

 

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :

 

1.  Александровка айыл өкмөтүнө Александровка айыл аймагынын Александровка айылы Чапаева көчөсү №35 ”а” дарегинде жайгашкан жеке менчиктеги жалпы аянты 704,0 кв.метр жер тилкесинин багытын короо жай багытынан кампа багытына которууга макулдук берилсин.

2.  Александровка айыл өкмөтү ушул жер тилкесинин багытын которуу боюнча керектүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындасын.

3.  Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.

 

Төрайым

Давузова М.Ю.