АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 21-сессиясы
2023-жылдын 10-августу № 81
Административдик-аймактык реформа өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” №350 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын 12-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин, 2023-жылдын 04-августундагы жана 2023-жылдын 08-августундагы Александровка айыл аймагындагы жыйналыштардын протоколдорунун негизинде
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Александровка жана Садовое айыл аймактарынын биригүүсүндө Александровка айылы административдик-аймактык борбору болуп көрсөтүлсүн.
2. Александровка айыл аймагындагы айылдардын аталыштары мурункадай калсын:
- Александровка айылы – Александровка айылы;
- Беш-Көрүк айылы – Беш-Көрүк айылы;
- Крупское айылы – Крупское айылы;
4. Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |