Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11-сессиясы

2023-жылдын 28-июлу № 11-1

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Тевет”, (башчысы Козиев Мамир) СПАсы тарабынан дыйкан жана фермердик чарбаларды сугат суу менен камсыздоодо алып барып жаткан иштери жөнүндө

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Тевет”, (башчысы Козиев Мамир) СПАсы тарабынан дыйкан жана фермердик чарбаларды сугат суу менен камсыздоодо алып барып жаткан иштери боюнча Козиев Мамирдин маалыматын угуп, сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин, суроо талаптарын эске алып,

С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

ТОКТОМ

 

1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Тевет”, (башчысы Козиев Мамир) СПАсы тарабынан дыйкан жана фермердик чарбаларды сугат суу менен камсыздоодогу алып барып жаткан иштери боюнча маалыматы эске алынсын жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда кемчилдиктер бар экендиги белгиленсин.

 

2. Айыл Өкмөтүнүн аймагында дыйкандар тарабынан өстүрүп жаткан айыл чарба эгиндеринин вегетациялык мезгилинде сугат суудан үнөмдүү пайдалануу менен, дыйкан фермер чарбаларды сугат суу менен үзгүлтүксүз өз убагында камсыз кылууда бардык күч аракеттерин жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн СПАларына жүктөлсүн.

 

3. 2023-жылда сугат суусу таңкыс болгондугуна байланыштуу дыйкандарды биримдикке жана ынтымыкка чакыруу, сугат суудан үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу менен бирге айылдарда кезек менен айыл чарба эгиндерин сугарууну, түңкү сугарууну уюштуруу, 1-эгинден бошогон аянттарга 2-эгин эгүүдө сугат суусун көп талап кылуучу шаалы эгинин аянтын кыскартуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана СПАларына жүктөлсүн.

 

4. Сугат сууга болгон төлөмдөрдү өз убагында жыйноо , РСЧ башкармалыгынан болгон карыздары менен эсептешүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана СПАларына жүктөлсүн.

 

 5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башгчысын орун басары Т.Ахматахуновго жана айыл башчыларына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н. Файзуллаев.