С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11-сессиясы
2023-жылдын 28-июлу № 11-4
С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы күздүк дан эгиндерин коромжусуз өз мөөнөтүндө оруп, жыйноо иштерин аткарылышы жана бошогон жерлерге экинчи эгинди эгүүнү жүрүшү жөнүндө
С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы күздүк дан эгиндерин коромжусуз өз мөөнөтүндө оруп, жыйноо иштерин аткарылышы жана бошогон жерлерге экинчи эгинди эгүүнү жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ахматахунов Тнын маалыматын угуп, талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин, суроо талаптарын эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы күздүк дан эгиндерин коромжусуз өз мөөнөтүндө оруп, жыйноо иштерин аткарылышы жана экинчи эгинди эгүүнү жүрүшү, айыл чарба эгиндерини сугат суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Ахматахуновдун маалыматы эске алынсын.
2. 2023-айыл чарба жылына карата айыл өкмөтүнүн аймагында эгилген күздүк дан эгиндерин коромжусуз өз мөөнөтүндө оруп, жыйналгандыгы белгиленсин жана келерки жылга карата күздүк дан эгиндерин аянтын көбөйтүү боюнча иш чараларды жүргүзүү колго алынсын.
3. 2023-айыл чарба жылынын экинчи жарым жылдыгында дыйкан фермер чарбаларга экинчи экинге эгилген эгиндерден мол түшүм алуу үчүн агротехникалык эрежелерге көңүл буруп, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден асроону, сугат суудан үнөмдүү пайдалануу ыкмаларын колдонууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматчыларына жүктөлсүн.
4. Айыл чарба эгиндеринин вегетация мезгилинде сугат суудан үнөмдүү пайдалануу менен, дыйкан фермер чарбаларды сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу айыл Өкмөтүнүн аймагындагы “Обу-Хает”, “Нооруз”, “Тебат” АВПларына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башгчысын орун басары Т.Ахматахуновго жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Файзуллаев. |