С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11-сессиясы
2023-жылдын 28-июлу № 11-6
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары Ахматахунов Тнын арызын кароо жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары Ахматахунов Тахиржан Араван РЭТры ишканасынан Төбө-Коргон айыл өкмөтүнө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Б.Айдаров көчөсүнүн Теплица участкасы аркылуу 1 км аралыкка 10 кв аба чубалгысын тартуу максатында электр мамычаларын орнотуу үчүн жер тилкесин ажыратууга айылдык кеңешинен макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтерин үйрөнүп чыгып, айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Б.Айдаров көчөсүнүн Теплица участкасы аркылуу 1 км аралыкка 10 кв электр аба чубалгысын Төбө-Коргон айыл өкмөтүнө тартууда электр мамычаларын орнотуу үчүн мыйзам чегинде жер тилкесин ажыратуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары Ахматахунов Тга жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Файзуллаев. |