С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11-сессиясы
2023-жылдын 28-июлу № 11-7
Айыл өкмөтүнүн М.Курбанов көчөсүнүн тургуну Абдуллаева Аширхондын мурдагы колхоздун Б.Айдаров көчөсүндө жайгашкан автогаражынан сатып алган 640,0 мт кв жеке менчик жер тилкесин автогараж багытынан калктуу конуштар турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн М.Курбанов көчөсүнүн тургуну Абдуллаева Аширхондын мурдагы колхоздун Б.Айдаров көчөсүндө жайгашкан автогаражынан сатып алган 640,0 мт кв жеке менчик жер тилкесин автогараж багытынан калктуу конуштар турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик,айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан арыз боюнча топтолгон юридикалык документтерин үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 11-12-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.01.2020-жылдагы “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн обьекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №12-токтомунун жетекчиликке алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн М.Курбанов көчөсүнүн тургуну Абдуллаева Аширхондын мурдагы колхоздун Б.Айдаров көчөсүндө жайгашкан автогаражынан сатып алган 640,0 мт кв жеке менчик жер тилкесин автогараж багытынан калктуу конуштар (турак жай) багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн М.Курбанов көчөсүнүн тургуну Абдуллаева Аширхондын мурдагы колхоздун Б.Айдаров көчөсүндө жайгашкан автогаражынан сатып алган 640,0 мт кв жеке менчик жер тилкесин автогараж багытынан калктуу конуштар (турак жай) багытына өзгөртүүгө макулдук берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (мыйзамдарды, ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына айыл өкмөтүнүн башчысы Абдураимов Нга жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Файзуллаев. |