Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11-сессиясы

2023-жылдын 28-июлу № 11-9

Айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-декабрындагы 7-чакырылышынын 6-сессиясында кабыл алынган №6-22-токтомуна толуктоолор киргизүү боюнча Мангыт айыл өкмөтүнүн тургуну Ахматкулов Журсуналинин сурап жазган арызын кароо жөнүндө

Айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-декабрындагы 7-чакырылышынын 6-сессиясында кабыл алынган №6-22-токтомуна жердин контуру № 42 – деп жазып, толуктоолор киргизүү жөнүндө Мангыт айыл өкмөтүнүн тургуну Ахматкулов Журсуналинин арызы боюнча айылдык кеңешинин агрардык,турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,

С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

ТОКТОМ

 

1.  Мангыт айыл өкмөтүнүн тургуну Ахматкулов Журсуналинин айыл өкмөтүнүн Көк-сарай участкасындагы № 42-контурундагы деп толуктоолор киритилип, ыңгайсыз болгон жерди өздөштүрүп, сугат суу чыгарып, бак тигүүгө макулдук берилсин.

2.  Мангыт айыл өкмөтүнүн тургуну Ахматкулов Журсуналинин айыл өкмөтүнүн Көк-сарай участкасындагы № 42- контурундагы ыңгайсыз болгон жерди өздөштүрүүдө суралган жер аянтын жеринде каралып, аянтын белгилөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.  Мангыт айыл өкмөтүнүн тургуну Ахматкулов Журсуналинин айыл өкмөтүнүн Көк-сарай участкасындагы № 42- контурундагы ыңгайсыз болгон жерди өздөштүрүп, сугат суу чыгарып, бак тигүү максатында ижарага берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, бак тигүүгө жер аянтын ижарага берүүсү сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Абдураимов Нга жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Файзуллаев.