С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11-сессиясы
2023-жылдын 28-июлу № 11-10
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Кичик-Алай айылынын тургуну Топчубаев Абдимиталдын С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу болгон Кичик –Алай айылындагы Аю жылга, Кыз-коргон участкаларындагы жерден ак-ташты кайра иштеп чыгаруу үчүн 200,0 га жерди ижарага сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Кичик-Алай айылынын тургуну Топчубаев Абдимиталдын С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу болгон Кичик –Алай айылындагы Аю жылга, Кыз-коргон участкаларындагы жерден ак-ташты кайра иштеп чыгаруу үчүн 200,0 га жерди ижарага сурап жазган арызын айылдык кеңешинин муниципалдык менчик,айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кичик –Алай айылындагы Аю жылга, Кыз-коргон участкаларындагы ижарага суралып жаткан 200,0 га жер боюнча толук документтери жоктугун белгилеп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Кичик-Алай айылынын тургуну Топчубаев Абдимиталдын С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу болгон Кичик –Алай айылындагы Аю жылга, Кыз-коргон участкаларындан ак-ташты кайра иштетүү үчүн 200,0га жерди ижарага берүүгө макулдук берилбесин.
2. С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу болгон Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Кичик –Алай айылындагы Аю жылга, Кыз-коргон участкаларындан суралган 200,0га жер аянты кимге тиешелүүлүгү жана багытын тактоочу документтерин тактоо үчүн Ош облустук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан жан райондук мамлекеттик кадастр башкармалыгынан сураштыруу жана аталган жер туралуу толук маалыматтын алуу жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлерине жүктөлсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына айыл өкмөтүнүн башчысы Абдураимов Нга жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Файзуллаев. |