Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин XVIII чакырылышындагы XV кезектеги сессиясы

2023-жылдын 10-февралы № 23

Достук айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы 2023-жылга бюджеттин,атайын каражаттын киреше жана чыгаша болугун 2024-2025-жылдарга долбоорун бекитүү тууралуу

Достук айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылга бюджетинин аткарылышы 2023-жылга бюджеттин,атайын каражаттын киреше жана чыгаша бѳлүгүн 2024-2025-жылдарга долбоорун бекитүү боюнча Достук айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Сейдилдаев Максатбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин XVIII чакырылышындагы XV сессиясы токтом кылат:

 

1.  2022-жылдын бюджетинин аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.

 

2.  Достук айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгү бюджеттик каражаттар 7102,8 миң сом кѳлѳмүндѳ,атайын каражаттар 230,0 миң сом жалпы 7332,8 миң сом кѳлѳмүндѳ бекитилсин.

 

3.  Бюджеттин киреше бѳлүгү тѳмѳндѳгүдѳй болуп бекитилсин.

     -бирдиктуу киреше салыгы 6695,0 миң сом

     - патент 50,0 миң сом

     - мулк салыгы 61,0 миң сом

     - транспорт салыгы 103,0 миң сом

     - короо алдындагы жер салыгы 5,3 миң сом

     - айыл чарбасында эмес жер салыгы 165,0 миң сом

     - тазалык жыйым 23,5 миң сом

     - атайын каражат 230,0 миң сом

 

4.  Бюджеттин чыгаша бѳлүгү тѳмѳндѳгүдѳй болуп бекитилсин.

         Башкаруу аппаратына 5637,7

         Маданият бѳлүмүнѳ 1040,1

         Билим берүү бѳлүмүнѳ 655,0

         Башкаруу аппаратынын штаттык бирдиги 8 штат,кичи кызмат 2 штат

         Маданият бѳлүмү 3 штат негизги 2 штат,кичи кызмат 1 штат

 

 5.Достук айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылга болжолдуу киреше жана чыгаша бѳлүгү 7282,8 миң сом кѳлѳмүндѳ 2025-жыл болжолдуу киреше жана чыгаша бѳлүгү 7282,8 миң сом кѳлѳмѳндѳ бекитилсин.

 

 6.  Атайын каражатка ата-энелерден тамак ашка тушуучу спонсордук жардам киреше жана чыгаша бѳлүгү 2024-2025-жылдарга 180,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.

 

7.Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Достук айыл аймагынын финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага,кирешелердин түрлѳрү боюнча планды аткаруу кирешелер боюнча жетектѳѳчү адис Ф.Садырбековага жүктѳлсүн.

 

Тѳрайым

Б.Осмонова