КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2023-жылдын 16-февралы № 7
Балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кара-Бак айылындагы “Кулунчак” балдар бакчасынын башчысы К.Акматованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кулунчак” балдар бакчасына кошумча 2 тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Керектүү иш-кагаздарын даярдап, билим берүү бөлүмүнө тапшыруу жагы балдар бакчасынын башчысы К.Акматовага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Ж.Шадиманова |