КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2023-жылдын 16-февралы № 8
Айыл чарба багытындагы пайдаланылбай жаткан жер аянттарын Сот аркылуу кайтаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелри боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы мурда жеке жарандарга айыл өкмөтү тарабынан токтом чыгып, Айыл чарба багытындагы жер аянттарын максаттуу пайдаланылбай жаткандыгын жана эч бир ижара, салык төлөм төкпөгөнүктөрүн эске алып, жер аянттарын айыл өкмөткө кайтарууга тиешелүү чечим чыгарууга Сотко берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун негизинде тишелүү иш алып баруу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Ж.Шадиманова |