КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2023-жылдын 16-февралы № 11
Алты-адыр участкасындагы 28,0 га тамчылатып суугаруу жер аянтын таза суу ишканасына пайдаланууга берүү жөнүндө
Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алты-адыр участкасындагы 28,0 га тамчылатып суугаруу жер аянтын таза суу ишканасына пайдаланууга берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алты-адыр участкасындагы 28,0 га тамчылатып суугаруу жер аянтын “Алты-Адыр” ичүүчү суу керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесине пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Ж.Шадиманова |